Бишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйтЖилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт — МаматалиевБишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосун реконструкциялоого даярдык көрүлүүдөДекабрдан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматчыларынын айлыгы көбөйтүлөтКыргызстанда советтик курулуш ченемдерин заманбап стандарттарга алмаштыруу пландалуудаПанфилов атындагы паркта жаңы амфитеатр ачылды
Быйыл өлкөдө 2,7 миңден ашык өрт кырсыгы катталып, 34 адам каза тапты
20.10.2025 | 16:19

Акыркы он айда өрт кырсыгынан 34 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Муканов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул жылы өлкөдө өрт кырсыгы былтыркыга салыштырмалуу көп катталган.
“Бул жылы кургакчылык болду, бул өрт учурларынын көбөйүшүнө алып келди. Жыл башынан бери 2 миң 748 өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 38%га көп”,- деп билдирди ал.
Асхат Муканов өрт көп учурда жылытуу мезгилдеринде мешти, жылытуучу шаймандарды туура эмес колдонгондуктан, ошондой эле тамекини өчүрбөй таштап коюудан келип чыгарын билдирди. Ал буга байланыштуу калк арасында дайыма алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом