Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Азиз Суракматов: Айсулуу Тыныбековага үй менчикке берилген
05.03.2020 | 12:36
Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага берилген батир кызматтык эмес менчикке берилген. Бул тууралуу Азиз Суракматов билдиргенин 24.kg агенттиги жазып чыкты.
Калаа башчысы олимпиада чемпиондоруна жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрүнө батирди менчик катары берүү боюнча жол жобо бар экенин белгилеп өткөн.
Ал эми кызматтык батирде муниципалитет кызматкерлери, машыктыруучулар, спорт тармагындагы дарыгерлер жана башкалар жашашарын айткан.
Жогорку Кеңештин 4-марттагы жалпы жыйынында Дүйнө чемипону Айсулуу Тыныбекова өңдүү спорт жана маданият тармагындагы белгилүү адамдарга батирлер убактылуу берилгендиги айтылган.
Депутат Дастан Бекешов баш болгон депутаттар тарабынан айрым кызматтык үйлөрдү менчиктештирүү боюнча мыйзам долбоор сунушталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом