Садыр Жапаровдун агасы коомчулукка кайрылды — видео

Садыр Жапаровдун агасы  коомчулукка кайрылды — видео

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров коомчулукка кайрылды. 

Социалдык тармактарга жарыяланган видео кайрылууда ал элди ынтымакка жана биримдикке чакырган.

“Мен Садыр Жапаровдун колдоочуларына кайрылат элем. 2- март күнү келип колдоп бергениңиздерге ыракмат айтам. Биз койгон талаптар бюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Болуп кеткен баш аламандыктан өзүбүздү сактайлы. Өлкөгө тынчтык керек. Садыр дагы өз кайрылуусун мага айтып, “мындайга жол бербегиле, ызы чуунун кереги жок” деди.

Садыр Жапаровдун боштондугун мыйзамдуу жол менен чечели. Сүйлөшүү жолдору башталды. Мындан ары бизди чагымчыл күчтөр колдонуп кетпесин. Тынчтыкты сактап, кайрадан баш аламандыктын болуп кетишине жол бербейли”, — деген ал.

Белгилей кетсек, 2-мартта Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин соңунда акциянын катышуучулары Ак Үйгө карай бет алганда милиция аларды токтотуп калган.

Эки тараптын кыска кагылышынан соң автоунаалар жана бир катар мекемелер жабыркаган. Милиция  көздөн жаш чыгаруучу, кулак тундуруучу куралдарды колдонуп жана суу менен аткылап элди аянттан сүрүп чыгарып, жүздөн ашык адамды кармаган.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети митингдин уюштуруучулары экс-депутат Каныбек Осмоналиевди жана митингдин активдүү мүчөсүн кармаган.

Алар “бийликти басып алууга аракет кылган” деген шек менен эки айга камакка алынды.

фото: akipress.org

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>