ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Балыкчыда ипотекалык турак жай комплексинин курулушу башталды
21.07.2025 | 14:11
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ипотекалык турак жай комплексинин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, комплексте жалпысынын 3 миң 700 батирден турган 12 кабатуу үйлөр курулат.
«Үй маселеси ар бир жаран үчүн биринчи кезектеги муктаждык. Президент дал ушул маселени мамлекеттин көңүл борборуна койду. Эл турмушунун сапатын жакшыртууга, жашоонун негиздерин бекемдөөгө багытталган иш-аракеттер системалуу жүрүп жатат»,- деп билдирген Каныбек Туманбаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом