Санитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыБир дарак кыйылса — ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты«Тоолордон бийик — бир гана элес»: Бишкекте алгачкы альпинизм музейи ачылдыБишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулаштыКыргызстанда 17 мектеп жана 3 бала бакча пайдаланууга берилдиТүштүк Кореядагы массалык мушташта кыргызстандыктар жабыркады — КР ТИМи
УКМКнын атайын багыттагы кызматкерлери Кытайда эл аралык снайперлер мелдешине катышты
21.07.2025 | 14:03
УКМКнын 9-кызматынын «Калкан» атайын багыттагы командасы Кытайда өткөн “Sharp Blade-2025″ эл аралык снайпердик мелдешке ийгиликтүү катышты. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.

Мелдеш 15-18-июль күндөрү Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарындагы Элдик куралдуу полиция күчтөрүнүн машыгуу базасында болуп өткөн. Ага 25тен ашуун өлкөдөн келген 55тен ашык снайпердик команда катышкан.
Сынак төрт категория боюнча 12 дисциплинаны камтыган:
- негизги жогорку тактыктагы снайпердик атуу,
- типтүү тактикалык кырдаалдарда ок атуу,
- комплекстүү күжүрмөн атуу,
- алыскы аралыктан атуу.
Жыйынтыгында «Калкан» атайын багыттагы отряды өлкө намысын татыктуу коргоп, жалпы командалык эсепте 3-орунду, жуптук эсепте 2-орунду ээлеген.
Ошондой эле 9-кызматтын снайпери жеке биринчиликте биринчи орунду ээлеп, Кыргызстандын атайын күчтөрүнүн жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгын көрсөткөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар