Ысык-Көлдө кол чатыр үчүн туристтерден мыйзамсыз акы алгандарга чара көрүлөт
Бүгүн, 25-июлда, Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Ысык-Көлдө пляж аймактарында туристтерден кол чатыр үчүн мыйзамсыз түрдө ижара акы алуу фактылары боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, айрым жарандар жээкти ээлеп алып, туристтерди мажбурлап кол чатыр ижарасын төлөөгө үндөп жатышат. Ошондой эле кызматтан баш тарткандарга орой мамиле жасап, эс алуучулардын укуктарын бузуп жаткандар да бар.
«Мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет. Буга чейин президенттин тапшырмасы менен көл жээгиндеги тосмолор алынып, элге ачык жана эркин эс алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бирок тилекке каршы, айрым учурларда жеке кызыкчылыкты алдыга койгондор чыгууда. Мындан ары мындай аракеттерге чара көрүлөт», — деп жазды Орунбеков.
Ал Чолпон-Ата жана Бостеридеги туризм менен алектенген жарандарды конокторго сый мамиле кылууга, тазалык жана меймандостук аркылуу гана акча табууга чакырды.