7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктады
Жалал-Абадда 16 жаштагы өспүрүм сабалып каза тапканы айтылууда
05.08.2025 | 14:50

Жалал-Абадда 16 жаштагы өспүрүм катуу сабалгандан кийин каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media аталган облустун милициясына шилтеме берип жазды.
Маалыматка ылайык, 20-июлда болжол менен саат 04:00 чамасында милицияга 2009-жылы туулган өспүрүм сабалып, ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр катары 18 жаштагы Аксый районунун тургуну У. Т. жана 17 жаштагы Сузак районунун тургуну О. А. кармалып, Жалал-Абад шаардык сотунун чечими эки айга камакка алынышкан.
Маалым болгондой, каза болгон өспүрүм ооруканада он күн дарыланып, акыркы төрт күнү комада болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Жалал-Абад облусу, зордук-зомбулук