7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктады
Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмон Лев Толстой атындагы сыйлыкка көрсөтүлдү
06.08.2025 | 13:30

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Лев Толстой атындагы эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү.
Бул демилгени Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Леонид Слуцкий көтөргөн. Анын айтымында, аталган үч лидердин аракеттери менен Евразия мейкиндигинде коопсуздук камсыздалып келет.
Сыйлык үчүнчү дүйнөлүк согуштун коркунучуна каршы турууга багытталган ишмердүүлүк, регионалдык коопсуздукту камсыз кылууга кошкон салым, тынчтыкты сактоо жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы күрөш үчүн ыйгарылат.
Рубрики: Жаңылыктар