ИИМ: Президентке кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалдыКыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Apolitical платформасы менен биргеликте жасалма интеллектти колдонууга окутулатПрезиденттин тапшырмасы менен Камчыбек Ташиев Мамлекеттик күзөт кызматынын коргоосунда калатСадыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисин дайындадыИш берүүчүлөргө «Жаштар стажировкасы» аркылуу жаш адистерди тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлдүЖапониянын JICA агенттиги Баткен облусуна 43 жол техникасын берди
Акыркы жылдары Пакистандан келген түз инвестициянын көлөмү туруктуу өсүүдө
08.08.2025 | 16:03

Акыркы 5 жылда Пакистандан Кыргызстанга келген түз инвестициялар туруктуу өсүү көрсөттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, бул мезгил ичинде Пакистандан өлкөгө жалпы 19,1 млн доллар инвестиция келген.
Жылдар боюнча көрсөткүч:
- 2020-жыл — 2 млн доллар;
- 2021-жыл — 1,2 млн доллар;
- 2022-жыл — 4,4 млн доллар;
- 2023-жыл — 6,9 млн доллар;
- 2024-жыл — 4,6 млн доллар(бүгүнкү күнгө карата).
“Кыргызстан менен Пакистандын кызматташтыгы жыл сайын чыңдалууда. Айыл чарба, энергетика, соода жана санариптик экономика боюнча долбоорлор көбөйүүдө. Перспективалар көп!”- деп билдирди агенттиктин директору Фархат Иминов.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: инвестиция, Пакистан