Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Камчыбек Ташиев чек ара жаңжалында жаракат алган офицерге 1 млн сом берди
13.08.2025 | 11:05

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокат районунун тургуну, 2022-жылы Баткендеги чек ара жаңжалында эки көзүнөн жаракат алган Элдияр Төлөнов менен жолугушуп,1 млн сом каржылык жардам берди. Бул тууралуу УКМК маалымат таратты.
Элдияр Төлөнов Аскердик институтту аяктап, чек арада кызмат өтөп жүргөндө жарылгыч заттын учкунунан көздөрүнөн оор жаракат алган. Буга чейин мамлекет ага 1,794 млн сом акчалай жардам берип, Бишкектен батир сатып берген. Ошондой эле ай сайын майыптуулук жана пенсия катары 22 765 сом төлөнүп турат.
Ташиев офицердин эрдигин белгилеп, ата-энесине ыраазычылык билдирди жана мындан ары да колдоо көрсөтөрүн айтты.
Рубрики: Жаңылыктар