Курсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирдиСалык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачтыОшто мыйзамсыз курулуштар турган жер скверге айландыПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалдыКыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Apolitical платформасы менен биргеликте жасалма интеллектти колдонууга окутулат
Балыкчы шаары жаңыланат. Курулуш долбоорлорунун эскиздери жарыяланды
18.08.2025 | 11:20

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Чолпон-Атадагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан кайтып келе жатып, Балыкчыга токтоп, шаарда башталган ири долбоорлор менен таанышып чыкканын билдирди.

Анын айтымында, жакынкы айларда Балыкчыда бир катар өзгөрүүлөр күтүлүүдө.
- Жаңы арка жана “Ак кеме” – мурдагы тар өтмөк алынып, анын ордуна жаңы арка тургузулуп, үстүнө “Ак кеме” орнотулат. Жанында толкун формасындагы фото-зона курулуп, туристтер үчүн жаңы эстелик жай болот.
- Айланма жолдун ортосундагы желек жаңыланып, реконструкцияланат. Буга чейин жол жээгинде балык сатып келгендер жаңы “Балык” базарына көчүрүлөт. Ал жай кышында жылуу, жайында салкын болуп, соодагерлер үчүн да, кардарлар үчүн да ыңгайлуу болот.
- Замандын талабына ылайык автобекет – 200дөн ашык такси, ондогон автобустарга орун бар. Унаа токтотуучу жайга шлагбаум коюлуп, жүргүнчүлөрдү лицензиясы бар таксилер гана тейлейт.
- Негизги трассанын боюндагы эски зым карагайлар алынып, ордуна гүлдөр отургузулууда. Веложол жана тротуар курулууда.
- Шаардык базар, парктар, тейлөө жана көңүл ачуучу жайлардын курулушу да жүрүп жатат.

“Бул долбоорлор соңуна чыккандан кийин, Балыкчы шаар таанылгыс болуп өзгөрүп, Ысык-Көлдүн кооз босогосуна айланат”,-деген ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жыл аягына чейин Балыкчы таанылгыс болуп өзгөрөт деп убада берген эле.
Рубрики: Жаңылыктар