Ашууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирди
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу эки тараптуу ачылды
25.08.2025 | 12:50

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолу толугу менен ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
24-августта кечки саат 22:00–23:00 чамасында катуу жааган жамгырдан улам Кара-Талаа менен Шор-Булак айылдарынын ортосундагы (32–38-чакырымдар аралыгы) жолго сел түшүп, кыймыл убактылуу токтотулган.
Жерине атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин, 25-августка караган түнү саат 01:00дө жол кайрадан каттамга берилген.
“Учурда унаа кыймылына эч кандай чектөө жок, жол эки тараптуу ачык”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар