8-декабрь: Өлкө боюнча жаан жана кар жаайтЗергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалды
Бишкекте №2 мектептин окуучусу өз жанын кыйып, кат калтырып кеткен
02.09.2025 | 13:45

Бишкек шаарындагы №2 мектептин окуучусу өз жанын кыйып, үй-бүлөсүнө кат калтырып кеткен. Бул тууралуу Reporter.kgге укук коргоо органдары кабарлады.
Кыздын сөөгү бүгүн эртең менен табылган. Катта ал ата-энесин сүйөрүн жазып, өз өмүрү үчүн эч кимди күнөөлөбөөнү суранган.
Свердлов райондук ИИБнын маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн, 2-сентябрда, болжол менен саат 06:30да Ибраимова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн терезесинен кыздын сөөгү табылганы тууралуу кабар 102 кызматына келип түшкөн. Укук коргоо органдары каза болгон кыздын өздүгүн тактап, ал 13 жаштагы Ж.Ж. экени белгилүү болгон.
Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар