Жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?
Баткен облусунун Лейлек районундагы жол кырсыгынын кесепетинен оор жаракат алган аскер кызматкери атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, бейтаптын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ал комада жана жасалма дем алдыруучу (ӨЖЖ/ИВЛ) аппаратка туташтырылган. Дарылоонун жүрүшүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жеке көзөмөлүнө алганы белгиленет.
Дарыгерлер абалды турукташтыруу жана интенсивдүү терапияны улантуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат.

Эске салсак, жол кырсыгы 4-апрелде болгон. Анын кесепетинен жабыркаган 2004-жылы туулган аскер кызматкери баш сөөгүнүн жабык жаракаты жана мээсинин катуу жабыркашы (ушиб мозга) менен өтө оор абалда ооруканага жеткирилген.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аскердин өмүрүн сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон ресурстар мобилизацияланган.
Жабырлануучуга санавиация аркылуу келген адистер операция жасашкан, бирок ушул убакка чейин аны башка жерге которууга мүмкүн болбой (нетранспортабелдик абалда) келген.