Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейт

19.04.2026 | 12:26

Бишкекте «Коопсуз шаар — коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында ШИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кырдаалдык борбору иштеп жатат. Ал видеокөзөмөл системасынын жардамы менен борбор калаадагы ыкчам кырдаалга күнү-түнү көз салып турат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

ШИИБдин маалыматы боюнча, камералар эл көп топтолгон жерлерге — борбордук көчөлөргө, сейил бактарга, түнкү клубдардын жанына, ошондой эле соода-оюн-зоок борборлоруна орнотулган.

Борбордун кызматкерлери болуп жаткан окуяларга реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүп, укук бузууларды жана шектүү аракеттерди аныкташары белгиленет. Зарыл болгон учурда маалымат токтоосуз түрдө жакынкы наряддарга берилет.

Билдирүү түшкөндөн кийин кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, мыйзам бузуучуларга карата чара көрүшөт. ШИИБ мындай система ыкчам аракеттенүү убактысын кыскартууга жана укук бузуулардын алдын алуунун жана бетин ачуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Басма сөз кызматы кошумчалагандай, интеллектуалдык видеокөзөмөл системаларын киргизүү шаардагы коопсуздукту жогорулатууга жана коомдук тартипти көзөмөлдөөгө багытталган.

Scroll to Top