Кыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайыБалыкчы шаарынын кире беришине жаңы арка курулуудаЭВФ Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнөлүк экономика үчүн тобокелдиктер тууралуу эскертти«Bulgari» зергер үйүнүн чеберлери 50 кыргызстандыкты зер буюмдарынын дизайнына окутат
Чүйдө жүрүп бараткан поездди таш менен урган өспүрүмдөргө чара көрүлдү
03.09.2025 | 11:39

Чүйдө Бишкек-Кайыңды каттамында жүрүп бара жаткан поездди таш менен урган өспүрүмдөр аныкталып, чара көрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 31-августа белгисиз адамдар Жайыл районунун аймагынан өтүп бара жаткан поездди таш менен уруп, айнегин сындырганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында, окуяга тиешеси бар Жайыл районунун 14, 11 жана 10 жаштагы өспүрүмдөр аныкталган.
Натыйжада өспүрүмдөрдүн жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жургүзүлүп, эскертүүлөр берилген. Ошондой эле алардын ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлөрү айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар