Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Шаардык депутаттар Жалал-Абадды «Манас» деп өзгөртүүгө макулдук беришти
03.09.2025 | 12:17

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары шаардын аталышын «Манас» деп өзгөртүүгө макулдугун беришти. Сессияда калаа башчысы демилгени сунуштап, депутаттар аны колдоп чыгышты.
Шаар мэринин айтымында, Жалал-Абад шаарынын аталышынын илимий негиздөөсү жок, тарыхчылар жана илимпоздор уламыштарга таянып айтып келишет. Ошондуктан шаардын атын «Манас» деп өзгөртүү чечими кабыл алынууда.
Процедурага ылайык, сунуш коомдук талкуудан өтүп, Жогорку Кеңеште үч окууда каралып, андан соң колдоо тапса президентке жөнөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар