Бишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалдыБишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштады
Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган эл аралык айтыш өтөт
08.09.2025 | 09:00

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орун алган, эл биримдиги менен азаттыгы үчүн күрөшкөн мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына карата кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы уюштурулууда.
Иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргыз улуттук “Манас” театры өткөрөт.
Мааракенин максаты – Алымбек датканын өмүрүн жана элибиз үчүн жасаган өрнөктүү иштерин даңазалоо, жаш муунга үлгү көрсөтүү, ошондой эле кыргыз элинин байыркы төкмөлүк өнөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү болуп саналат.
Тандоо туру
- 11-сентябрь, саат 09:00
- Алай райондук маданият үйү (Гүлчө айылы)
- Каттоо: 09:00–10:00
Финалдык айтыш
- 12-сентябрь
- Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда, калың элдин алдында
Байге фонду: 6 млн сом
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият