Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылды

20.04.2026 | 11:24

Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү күнүнө карата Жеңиш музейинин «Элдердин трагедиясы» аттуу көргөзмөсү ачылды. Анда согуштун жана Жеңиштин хронологиясын чагылдырган экспозициялар сунушталды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Иш-чараны музейдин директору Жылдыз Бакашова ачып, өз сөзүндө көргөзмө согуштун драматизмин жана адамзат тарыхындагы оор сыноолорду терең чагылдырган долбоор экенин белгиледи.

Ачылыш аземине КР президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов, Орусиянын элчиси Сергей Вакунов, Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев жана маданият министринин орун басары Марат Тагаев катышты.

Алар ачылышта сүйлөгөн сөзүндө “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт” деген ураандын маанисин баса белгилешип, согуштун трагедиясы адамзат үчүн чоң сабак болуп калышы керектигин билдиришти.

Мындан тышкары иш-чарага Азербайжан, Беларусь, Тажикстан жана Пакистан мамлекеттеринин элчилери, Россотрудничество жана «Гармония» маданий борборунун өкүлдөрү, студенттер жана музей кызматкерлери келишти.

Scroll to Top