Жасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгатЕвропа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилетКыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жататБишкектин бир бөлүгүндө 20-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулатУКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөн
Маевкада жаңы “Алтын -Казык” мал базары ишке кирди
08.09.2025 | 11:26

Бишкектен алыс эмес Маевка аймагында жаңы “Алтын -Казык” мал базары ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, базардын жалпы аянты 4 гектарды ээлейт. 1520 майда мал, 600 бодо мал үчүн атайын жабык орун курулган. Ошондой эле, мал базарда ветеринардык пункт, иззолятор, намазкана, ашкана , суткасына 200 бодо, 300 майда мал союучу касапкана жайгашкан.
Долбоорго жалпысынан 200 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы бул жаңы базарга “Жантай”, “Пригородный”, “Эски Толчок” “Нарбото” мал базарлары көчүрүлөөрүн, ошондой эле 20га чукул талапка жооп бербеген мал союучу жайлар жабылаарын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом