Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Ошто «Ала-Тоо» породасындагы кыргыз койлорунун көргөзмөсү өттү
08.09.2025 | 11:29

Ош шаарында эт-май багытындагы жаңы «Ала-Тоо» породасындагы кыргыз койлорунун көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан өлкөлөрүнөн коноктор жана Кыргызстандын жети облусунан фермерлер катышты.
Облустун жетекчиси Элчибек Жантаев сөз сүйлөп, жаңы породанын артыкчылыктарына токтолду. Анын айтымында, «Ала-Тоо» койлору эт менен майды сапаттуу өндүрүү мүмкүнчүлүгүн берип, климаттык шарттарга ыңгайлуулугу менен агрардык секторду жаңы деңгээлге чыгара алат.
Белгилүү болгондой, «Ала-Тоо» породасы кыргыз койлорун гиссар кочкорлору менен аргындаштыруу жолу аркылуу алынган.
Рубрики: Жаңылыктар