Кыргызстандын эл аралык резервдери эки айда 1,5 млрд долларга азайдыЖыл башынан бери өлкөдө негизги капиталга инвестициялар 77 млрд сомдон аштыСергей Кожемякин: ШКУ өлкөлөрү Ирандын тегерегиндеги кырдаалды көңүл сыртында калтырбашы керек100 миң сомго чейин айып пул жана бир жылга бөгөт коюу: МСК ЕАЭБден импорттоочуларды катаал чаралар тууралуу эскерттиТокмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалдыБишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалды
Кыргызстан коңшу өлкөлөргө суу берип, ордуна электр энергиясын алат
08.09.2025 | 16:39

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда аймактагы суу-энергетикалык балансты жөнгө салган бир катар протоколдорго кол коюлду. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган документтерге Чолпон-Ата шаарында үч өлкөнүн энергетика жана суу чарба органдарынын үч тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлган.
Негизги документте Токтогул суу сактагычынан суу агызууну камсыз кылуу жана анын ордуна Кыргызстанга Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын жеткирүү каралган.
Ошондой эле Орусиядан Кыргызстанга Казакстан аркылуу электр энергиясын транзит аркылуу жеткирүүнүн шарттары макулдашылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат