Сергей Кожемякин: ШКУ өлкөлөрү Ирандын тегерегиндеги кырдаалды көңүл сыртында калтырбашы керек
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөр чындыгында эле Иранга байланыштуу кырдаал боюнча өз позициясын аныктап алышы керек. Тегерандын ШКУдагы өкүлү Мохаммад Расул Жафаринин билдирүүсүнө саясий илимдердин кандидаты Сергей Кожемякин Reporter.kg сайтына ушинтип комментарий берди.
Эске салсак, Иран ШКУну саясий декларациялардан конкреттүү кадамдарга, тактап айтканда — «америкалык-израилдик терроризмге» каршы чечкиндүү аракеттерге өтүүгө чакырган.
Мохаммад Расул Жафари Иран эл аралык укукту одоно бузуу катары баалаган окуяларга кенен токтолуп, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн кызып турган учурунда АКШнын колдоосу менен жасалган Израилдин Иранга түз аскердик кол салуусун эске салды.
Ирандын өкүлү бул аракеттер өлкөнүн инфраструктурасына олуттуу зыян келтирип, адам өлүмүнө алып келгенин баса белгиледи, деп айтылат маалыматта.
Кожемякин белгилегендей, ШКУ аскердик-саясий блок болбогондуктан Тегеран жардам сурабаса да, Иран уюмдун мүчөлөрүнөн позициясын тактап алууну суранып жатканын ал толугу менен туура деп эсептейт.
«Биздин максаттарыбыз бир экенин ар дайым айтып келгенбиз: эл аралык аренада тең укуктуу мамилелер, сырттан кийлигишүүнү четке кагуу, интеграция. Жана ШКУ мүчөлөрүнүн бири ачык эле агрессияга кабылып жаткан шартта, эч кандай аскердик-саясий жардам көрсөтпөсө да, өз нааразычылыгын билдирүү — бул жөн гана мүмкүн эмес, муну жасоо зарыл деп ойлойм», — деди Кожемякин.
Иран жөн гана позициясын билдирүүнү эмес, ага агрессия көрсөткөн өлкөлөргө — АКШ менен Израилге карата катуураак аракеттенүүнү суранып жатат деген кабарчынын тактоочу суроосуна Кожемякин минтип жооп берди: эгерде ШКУнун бардык мүчөлөрү нааразычылыгын билдирип, бардык оюнчуларга карата бирдей саясатты карманса, бул бир жөн (башка маселе) болмок.
«Бирок ошол эле Казакстандын бул агрессиянын фонунда Израиль жана АКШ менен байланыштары сакталып калып жатканын көрүп жатасыздар, анын үстүнө жогорку деңгээлде Вашингтон — стратегиялык өнөктөш деген билдирүүлөр айтылууда. Башкача айтканда, Казакстан ушундай шартта, албетте, жок дегенде жөн эле унчукпай койсо болмок», — деп түшүндүрдү эксперт.
Ал ошондой эле ШКУ — бул Борбордук Азия гана эмес, Кытай менен Индия экенин, ал эми акыркысы да Израиль жана АКШ менен тыгыз мамилелерди өнүктүрүп жатканын баса белгиледи.
«Ирандын билдирүүсү биринчи кезекте ачык эле интервенциянын фонунда агрессорлор менен мамилесин бекемдеп жаткан Казакстан жана Индия сыяктуу анча ырааттуу эмес жана анча достук эмес позицияны карманган өлкөлөргө багытталган. Дагы бир жолу кайталайм: Иран мындай билдирүүлөрдү жасоого толук укуктуу, анткени ал ШКУнун мүчөсү, ал эми уюмдун мүчөлөрүнүн өнөктөштөргө жана уюмдарга карата достукка жатпаган аракеттерди жасабоо боюнча союздаштык милдеттенмелери бар», — деп жыйынтыктады Кожемякин.