Трамп ноябрдан тарта АКШ Кытайга 100%дык бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирдиЖашоо кымбаттады: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомго жеттиКыргызстандык жаштар Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада ийгилик жаратыштыКыргызстандык аскерлер Өзбекстанда «Бирлик-2025» машыгуусуна катышатБалыкчыда 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылдыСоода өнөр-жай палатасы шанхайлык ири ишкананын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
Бишкекте 23 жаштагы кыз таксисттин унаасын айдай качып кармалды
16.03.2020 | 17:23
Бишкекте такси чакырып, акчасын төлөбөй, айдоочунун унаасын айдай качкан 23 жаштагы кыз кармалып, СИЗО-1ге киргизилди. Окуя ушул жылдын 27-февралында катталганын Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таксист кызды айткан дарекке жеткирген. Бирок кыз жол кирени төлөгөн эмес. Айдоочу милиция кызматына телефон чалып жаткан учурда кыз унааны айдап, качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми ыкчам иликтөө тобу бул ишке шектүү деп 1997-жыл туулган Ж.Р. аттуу кызды кармашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар