Ош шаарында жаңы онкологиялык борбор курулатЖамгыр, тоолорго кар жаап, түнкүсүн үшүк жүрөт: 26-октябрга карата аба ырайыБанктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскертти
Бишкекте 23 жаштагы кыз таксисттин унаасын айдай качып кармалды
16.03.2020 | 17:23
Бишкекте такси чакырып, акчасын төлөбөй, айдоочунун унаасын айдай качкан 23 жаштагы кыз кармалып, СИЗО-1ге киргизилди. Окуя ушул жылдын 27-февралында катталганын Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таксист кызды айткан дарекке жеткирген. Бирок кыз жол кирени төлөгөн эмес. Айдоочу милиция кызматына телефон чалып жаткан учурда кыз унааны айдап, качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми ыкчам иликтөө тобу бул ишке шектүү деп 1997-жыл туулган Ж.Р. аттуу кызды кармашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар