Непалдагы төңкөрүш: Өкмөт үйү менен парламент өрттөлүп, премьер-министр кызматтан кетти

09.09.2025 | 19:50

Непалда бийликтин социалдык тармактарга киргизген чектөөсүнө нааразы болгон эл массалык башаламандыктарды уюштурду. Бул бир катар эл аралык ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, демонстранттар Катмандудагы өкмөт үйүнө чабуул коюп, парламент имаратын өрттөп жиберишкен. Нааразычылыктардын жүрүшүндө кеминде 19 адам каза болуп, 300дөн ашууну жаракат алганы айтылууда.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, президент Рам Чандра Паудел резиденциясынан аскерлер тарабынан эвакуацияланды. Ошондой эле премьер-министр менен министрлер кабинети отставкага кеткен.

Эл аралык маалымат каражаттары жазгандай, башаламандык уюштурган демонстранттар өлкө башчысынын резиденциясына кирип барышып, өкмөт өкүлдөрүнүн үйлөрүнө кол салышкан. Маалыматтар боюнча, премьер-министрдин үйү өрттөлүп, анын жубайы оор абалда ооруканага жеткирилди.

Эскерте кетсек, бийлик киргизген чектөө бүгүн эле күчүнө кирген. Социалдык тармактар өлкөнүн Байланыш министрлигинен каттоодон өтпөгөндүктөн бөгөт коюлган. Наразылык акциясына негизинен жаштар катышууда.

ЖМКлар белгилегендей, азыркы тапта демонстранттар Непалда бийликтин үч бутагын көзөмөлдөп турат.

Scroll to Top