Каржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөтУнаасын оңдоп берем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыТаласта 10 млн сомдук тыюу салынган товарлар ташылып келингени аныкталдыЖуучу каражаттар жана азык-түлүктөр: «Ак-Жол» өткөрмө пунктунда аткезчиликке бөгөт коюлдуАймактардагы облустар жана райондор 20 округга алмаштырылат – Садыр ЖапаровЭми дыйкандар чалуу аркылуу кеңеш ала алышат. Айыл чарба министрлигинин байланыш борбору ишке кирди
Ажылык — 2026: Каттоо 23-сентябрда башталат
10.09.2025 | 11:08

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдиргендей, 2026-жылдагы ажылык сапарга каттоо 2025-жылдын 23-сентябрында башталат.
Талапкерлер Элдик банкка (РСК) «Ажылык-2026» эсебине алдын ала 2000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомду төлөгөндөн кийин гана катталат. Каттоо квота толгонго чейин уланат.
Негизги талаптар:
- Электрондук (E-id) же ID-карт паспорт;
- Тышкы паспорт (2026-жылдын 30-ноябрынан кийин да жарактуу болушу шарт);
- 4 даана 3×4 көлөмүндөгү сүрөт;
- Медициналык справка жана психиатр, наркологдон аныктама (2025-жылдын 23-сентябрынан кийин алынган);
- Аялдар үчүн махрамдын болушу милдеттүү;
- Жарандын жашы 18 жаштан жогору болушу керек.
Каттоо 23-сентябрдан 2-октябрга чейин облустук жана шаардык казыяттарга караштуу операторлор аркылуу жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, Сауд Араб Падышалыгынын визалык базасында кошумча төлөмдөр талап кылынса, аны зыяратчы өзү төлөйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом