Аймактардагы облустар жана райондор 20 округга алмаштырылат – Садыр ЖапаровЭми дыйкандар чалуу аркылуу кеңеш ала алышат. Айыл чарба министрлигинин байланыш борбору ишке кирдиКыргызстанда фермерлердин жеңилдетилген насыя алуусу үчүн электрондук кезек ишке киргизилдиЧыңгыз Айдарбеков ЖК депутатынын мандатынан баш тартты — ал кимге өтөтЖК төрагасы тажик спортчуларын Кыргызстанда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырдыӨкмөт мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу тартибин бекитти
Токмоктогу жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 3 адам ооркунада
10.09.2025 | 11:29

Чүй облусунда Токмок—Кошой жолунда кечээ, 9-сентябрда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук ЖКККБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 19:30дар чамасында Toyota Wish менен Subaru Ascent унаалары кагышкан. Натыйжада Toyota Wish’тин айдоочусу, 1993-жылы туулган эки жүргүнчү, 2014-жылы туулган наристе жана өздүгү тактала элек бир адам окуя болгон жерде каза болгон.
Дагы үч жүргүнчү оор абалда Чүй районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Subaru Ascentтин айдоочусу Чүй райондук хирургия бөлүмүнө жаткырылды.
Кырсыктын себеби такталып жатат.