16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөтКир жана гигиена каражаттарынын жоктугу. Акыйкатчы Бишкек шаардык ИИББдин атайын кабыл алуу жайына бардыКадамжайда 2 миңге жакын айыл тургуну ичүүчү суу менен камсыз болотЧыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмеси
Мэрия Бишкектеги «Салам Баку» кафесин бузууда
10.09.2025 | 15:35

Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Анкара жана Валиханов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Салам Баку» кафесин демонтаждоону баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, объект 525 чарчы метр аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Жерди пайдалануу мөөнөтү аяктагандыктан жана объект суу коргоо зонасында жайгашкандыгы үчүн комиссия ижараны узартуудан баш тарткан.
Мындан тышкары, кафенин жанындагы мурда сезондук аянтча катары колдонулуп келген 2295 чарчы метр жер тилкеси да демонтаждалмакчы.