Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Чыйырчык ашуусуна Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери орнотулду
11.09.2025 | 10:18

Алай районундагы Чыйырчык ашуусуна тарыхый инсандар — Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери коюлду. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгү кабарлады.
Айкелдер орнотулган аймакта конок тосууга ылайык шарттар түзүлүп, атайын жай курулду. Анда:
- тамактануучу жай,
- фотозона,
- намазкана,
- терраса жана эс алуу зонасы бар.
Мындан тышкары, Чыйырчык ашуусунан Алай районунун кире беришине чейинки 9,5 чакырым жол толук жарыктандырылды. Бул иштерге жалпысынан 9,7 млн сом каражат жумшалганы маалымдалды.