Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө кадастрдык нарк киргизүү каралууда. Бул эмне берет?

Жогорку Кеңеште өлкөдөгү бардык кыймылсыз мүлккө «кадастрдык нарк» түшүнүгүн киргизген мыйзам долбоору каралууда. Бул мыйзам демилгеси министрлер Кабинети тарабынан көтөрүлүп, негизги максаты — салык салуу жана күрөө мамилелерин тартипке келтирүү болуп саналат.
Бирок, бул карапайым жарандар үчүн олуттуу каржылык тобокелдиктерди алып келет, өзгөчө турак-жайды сатууда жана аны мамлекеттин муктаждыгы үчүн конфискациялоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Анын айтымында, өкмөт бир нече расмий максаттарды көздөп жатат: салык салууга негиз түзүү, күрөө мамилелерин жөнгө салуу, жеке баалоочулардын муктаждыгын азайтуу жана соттук териштирүүлөр үчүн негиз түзүү.
Анткен менен депутат кыймылсыз мүлк ээлеринин чөнтөгүнө катуу тийе турган кемчиликтерди белгиледи.
Салыктык жүк жана жашыруун төлөмдөр
Бекешевдин айтымында, бул мыйзам күчүнө кирсе, мүлк сатууда кошумча салык төлөө коркунучу жаралат. Ал төмөнкүдөй мисал келтирди:
“Эгерде батирди 5 миллион сомго сатып алдыңар жана кийин ошол эле баада сатууну чечсеңер — азыркы мыйзам боюнча киреше салыгы төлөнбөйт. Бирок жаңы мыйзам менен мындай болбойт. Мамлекеттик кадастр: “Бул батирдин кадастрдык баасы 6 миллион сом” деп аныктайт. Натыйжада, реалдуу пайда албасаң да, 1 миллион сомдук айырмадан 100 миң сом салык төлөөгө мажбур болосуң”.
Ошентип, реалдуу пайда болбосо да, жарандар мамлекет тарабынан аныкталган турак-жайдын наркын “кагаз” менен жогорулатууга салык төлөшү керек болот.
Мамлекеттин мүлктү арзан сатып алышы
Бекешев билдирген экинчи олуттуу коркунуч — бул мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлктү сатып алуу тартиби. Мисалы, жол куруу үчүн.
Азыркы учурда бийлик жаран менен базар баасына таянып сүйлөшүүсү керек болсо, жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин компенсациянын негизги өлчөмү катары кадастрдык баа колдонулат.
«Министрликтердин кызматкерлери мүлкүңүздүн базар баасына таянбайт. Алар кадастрдык бааны негиз кылышат. Сиз: “Үйүм 100 миң доллар турат” десеңиз, алар: “Жок, сенин үйүң болгону 100 миң сом турат” деп жооп беришет», — деп түшүндүрүп берди депутат.
Ошол эле учурда, ал белгилегендей, мамлекет өзүнүн мүлкүн арзандатылган кадастрдык нарк боюнча сатуу милдетин албайт, ал боюнча жарандардан мүлктү сатып алууну гана каалайт.
Дастан Бекешев белгилегендей, министрлер Кабинети кадастрдык бааны эсептөөнүн критерийлерин аныктаган мыйзам алдындагы актыны буга чейин эле кабыл алган. Ошону менен катар ал:
«Кыймылсыз мүлкү бар калк мунун таасирин сөзсүз сезет», — деген ишенимин билдирди.
Дастан Бекешев министрлер кабинети буга чейин кадастрдык наркты эсептөөнүн критерийлерин аныктаган мыйзам алдындагы актыны кабыл алганын кошумчалап, «кыймылсыз мүлкү бар калк муну сезет» деген ишенимин билдирди.