Кыргызстан менен БУУ АПП климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жаңы кадамдарды белгилешти
Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (АПП) КРдагы өлкөлүк директору Кожиро Накай менен жолугушту. Тараптар аялуу жамааттарды колдоо жана өзгөрүп жаткан климат шартында алардын кирешелерин диверсификациялоо долбоорунун жыйынтыгын чыгарышты.
Мекеме менен эл аралык уюмдун өз ара аракеттенүүсү экологиялык мыйзамдарды иштеп чыгууну жана республиканы БУУнун глобалдык конференцияларына (КӨАК — Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенция) даярдоону да камтыйт. Кожиро Накай БУУ АПП жаңы биргелешкен демилгелерди баштоону кароо менен Кыргызстандын экологиялык артыкчылыктарын мындан ары да колдоого даяр экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун аягында катышуучулар узак мөөнөттүү өнөктөштүккө үмүт артышарын билдиришти. Биргелешкен иш аймактардын климаттык туруктуулугун чыңдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталат.