Reporter.kg жана КР Гимнастика федерациясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

17.04.2026 | 19:46

Reporter.kg маалымат агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Гимнастика федерациясы өнөктөштүк мамилелерин расмий түрдө бекемдешти. Тараптар ата мекендик спортту өнүктүрүүгө жана кыргызстандык атлеттердин жетишкендиктерин алга жылдырууга багытталган өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документке «Кыргыз Медиа Групп» ЖЧКсынын башкы директору Владимир Банников жана КР Гимнастика федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу Е.В. Быковская кол коюшту.

Макулдашуу дене тарбия чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты маалыматтык коштоодогу маанилүү кадам болууга тийиш. Өз ара аракеттенүүнүн башкы милдети — ички, ошондой эле эл аралык деңгээлде Кыргызстандын объективдүү жана позитивдүү спорттук имиджин калыптандыруу, ошондой эле жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.

Беш жылдык меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөшүүдө:

  • Федерациянын колдоосу менен өткөрүлүүчү спорттук иш-чараларды: турнирлерди, чемпионаттарды жана форумдарды кеңири чагылдыруу;
  • гимнасттардын спорттук жетишкендиктери жана өлкөдөгү тармактык инфратүзүмдүн өнүгүшү тууралуу сапаттуу аналитикалык жана мультимедиялык материалдарды даярдоо;
  • биргелешкен медиадолбоорлорду ишке киргизүү жана спорттук объекттерге пресс-турларды уюштуруу;
  • спортук журналистиканын сапатын жогорулатуу үчүн эксперттик маалыматтар менен үзгүлтүксүз алмашып туруу.

Эскерте кетсек, буга чейин Reporter.kg медиапорталы 2026-жылдын август-сентябрь айларына пландаштырылган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алган. Басылма ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана «Кыргызстан аэропорттору» ААК менен жигердүү кызматташып келет.

Scroll to Top