Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталды
12.09.2025 | 13:13

Бишкек шаары менен Түндүк айланма жолун бириктирген Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунда асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, муну менен катар суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, кеңейтүү жана негизги жолго катарлаш болгон Биримдик-Кут конушуна кирүүчү кошумча эки тилкенин негизин даярдоо жумуштары жүрүүдө.
Белгилей кетсек, Лебединовка-ГЭС 5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Жол 4 тилкелүү болуп кеңейет. Ошондой эле долбоордо тротуар куруу, жарыктандыруу жана учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом