ЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) өз миссиясын аскердик чөйрөдөн тышкары кеңейтүүдө. Борбордук Азияда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттерди координациялоо үчүн адистештирилген гуманитардык борбор түзүлмөкчү. Бул демилге аймактын табигый жана техногендик кырсыктарга даярдыгын күчөтүү гана эмес, эксперттердин баамында, уюмдун өзүн коомчулук кандай кабыл аларын да олуттуу өзгөртө алат.
Борборду түзүү чечими тууралуу ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңештин 16-жыйынынын жыйынтыгында билдирди. Анын айтымында, борбор узак мөөнөттүү негизде иштеп, мүчө мамлекеттердин (Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча, анын ичинде согуштук аракеттерге байланышкан кырдаалдардагы өз ара аракеттенүүсүн күчөтөт.

Политолог Игорь Шестаковдун айтымында, мындай борборду түзүү — бир эле учурда бир нече маселени чечкен стратегиялык маанидеги жана өз убагындагы кадам болуп саналат.
«Менимче, бул өз учурундагы демилге. Анткени ЖККУнун элестелиши негизинен аскердик, куралдуу түзүм катары калыптанган. Бирок уюм гуманитардык жардам да көрсөтө алары — маанилүү нерсе. Анткени анын курамында Өзгөчө кырдаалдар министрликтери бар. Бул уюмдун ишмердигин кыйла кеңейтип, Борбор Азиядагы абройун чыңдайт деп ойлойм», — деп белгиледи эксперт.
Игорь Шестаковдун пикиринде, бул кадам уюмга катышкан өлкөлөрдүн коомдорунда көп берилчү суроого түз жооп болот: «Эгерде бизге эч ким аскердик коркунуч жаратпаса, бизге ЖККУ эмне үчүн керек?» Гуманитардык багыттын киргизилиши уюмдун түздөн-түз аскердик коопсуздукка байланышпаган, бирок калктын жыргалчылыгы үчүн абдан маанилүү маселелерди чече аларын көрсөтөт.
Демилгенин өзгөчө актуалдуулугу коңшу Афганистандагы гуманитардык чакырыктар контекстинде даана байкалат.
«Бул өлкө жакында эле жер титирөөнү баштан өткөрдү, гуманитардык жардам жөнөтүлгөн. Бул жерде да ЖККУ маанилүү миссия аткара алат. КМШнын түштүк чек арасын террордук топтордон гана коргобостон, ошол эле учурда калкка гуманитардык жардам көрсөтүүгө да жөндөмдүү экенин далилдейт», — деп кошумчалады политолог.
Эксперттин айтымында, өзгөчө кырдаалдарда афгандык аялдар көп учурда зарыл жардамды ала албай калышат.
«“Талибан” мындай саясат жүргүзүп жаткан шартта, кимдир бирөө аялдарды да куткарышы керек. Ошондуктан мындай борбордун түзүлүшү өз убагында болуп, Афганистандын элине да жардам берет», — деп жыйынтыктады Игорь Шестаков.