“Өзүм ушундай чечим кабыл алдым”. Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетерин жарыяладыАшууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келинди
Кыргызстанда 2030-жылга карата орточо айлык 62 миң сомго жетет – Каржы министрлиги
15.09.2025 | 10:53

Кыргызстанда 2030-жылга чейин орточо айлык акы 62 миң сомго чейин өсөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Каржы министрлигинин божомолдорунда айтылат.
Министрликтин маалыматына ылайык, орточо айлык эмгек акынын өсүшү жыл сайын 2,9% түзөт. Ошондой эле калктын акчалай кирешеси жыл сайын орто эсеп менен 6,7% көбөйүп, 2030-жылы 1,79 трлн сомго жетери болжолдонууда.
Документте жакырчылыктын деңгээли жылына орточо 1,1% төмөндөй турганы белгиленген. Калктын саны жыл сайын 146,5 миң адамга көбөйөт деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, 2030-жылга карата ИДП адам башына 5 миң доллардан ашары, ал эми жашоо минимумунун өлчөмү 11 миң 148 сомго чейин көтөрүлөрү көрсөтүлгөн.