Жер жайнаган долларлар. Укук коргоо кызматкерлери 400 миң доллар пара менен кармалды

15.09.2025 | 11:02

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

УКМКнын маалыматына ылайык, топтун мүчөлөрү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, жаранды кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга убада кылып, андан 400 миң АКШ долларын алышкан.

Бул факт боюнча Аскердик прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгү («Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу») менен кылмыш ишин козгоду.

2025-жылдын 24-июлунда «С.А.» аттуу жаран кармалып, ага опузалап пара талап кылууга жана пара алууга катышкандыгы боюнча айып тагылган. Мындан тышкары, мурдагы УКМК кызматкери «А.Э.» 130 миң долларды кайтарып берүү учурунда колго түшүп, ага да тиешелүү айыптар коюлду.

Айыпталуучуларды Бишкектин Биринчи май райондук соту камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жагдайларды тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Scroll to Top