Жасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгатЕвропа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилетКыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жататБишкектин бир бөлүгүндө 20-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулатУКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөн
Жанар Акаев Бишкек унаа тыгындарын жеңил поезд менен чечүүнү сунуштады
17.09.2025 | 14:06

Депутат Жанар Акаев Бишкек шаарындагы унаа тыгындарын азайтуу максатында Кара-Балтадан Сокулук аркылуу Бишкекке, андан ары Балыкчыга чейин тез жүрүүчү жеңил поезддерди ишке киргизүүнү сунуштады.
Акаевдин айтымында, Бишкек 350 миң автоунаага ылайыкташса да, шаарда 700–800 миңдей унаа каттап жүрөт. Мындай транспорт бир эле учурда 200–300 жүргүнчүнү ташып, Айтматов проспектиси, Жусуп Абдрахманов жана Жибек Жолу сыяктуу чоң көчөлөрдөгү тыгындарды азайтат.
Депутат ошондой эле Улуу Британиянын өкүлдөрү Кыргызстанга 2 миллиард доллар узак мөөнөттүү насыя берүүгө даяр экенин белгилеп, бул каражаттын эсебинен долбоорду ишке ашырууга болорун кошумчалады. Акаев долбоорду даярдоо үчүн аткаруу бийлигин да чакырды.