Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Кытайдын түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан кыргызстандык мекенине өткөрүлүп берилди
19.09.2025 | 09:15

Кечээ кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Кытайдагы түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жараны А.А. кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул иш эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын активдүү кызматташуусунун жана дипломатиялык каналдардын натыйжасында мүмкүн болду.
Жаранды өткөрүп берүү 2012-жылдын 5-июнунда Пекинде кол коюлган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин алкагында ишке ашырылды.
Процедурага Кытайдын Ганьсу провинциясынын түрмөлөрдү башкаруу өкүлдөрү, Кыргызстандын ЖАМК кызматкерлери жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин консулдук кызматкери катышты.