Бишкектин 12-кичи районунда тез татым жайларынан өрт чыктыӨмүрбек Суваналиев президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирдиЖапаров Токаевге аскер кызматкерлеринин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айттыAsman Airlines кытайлык COMAC C909 жана C919 үлгүсүндөгү самолетторду сатып алууну караштыруудаЖаан жаап, күн күркүрөйт: 25-сентябрга карата аба ырайынын божомолуБишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келди
Кытайдын түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан кыргызстандык мекенине өткөрүлүп берилди
19.09.2025 | 09:15

Кечээ кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Кытайдагы түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жараны А.А. кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бул иш эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын активдүү кызматташуусунун жана дипломатиялык каналдардын натыйжасында мүмкүн болду.
Жаранды өткөрүп берүү 2012-жылдын 5-июнунда Пекинде кол коюлган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин алкагында ишке ашырылды.
Процедурага Кытайдын Ганьсу провинциясынын түрмөлөрдү башкаруу өкүлдөрү, Кыргызстандын ЖАМК кызматкерлери жана Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин консулдук кызматкери катышты.