Садыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмаштыБишкекте кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өттүБишкек соода орундарынан түшкөн жалпы кирешенин 60 пайыздан ашыгын камсыздайт. Базарларга талдоо
Бишкекте кафе жана клубдар түнкү тынчтык боюнча текшерилди
19.09.2025 | 12:50

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, борбор калаанын төрт районунда түнкү тынчтыкты сактоо боюнча профилактикалык рейддер өткөрүлдү. Рейддерге вице-мэрлер Виктория Мозгачева, Азамат Кадыров, Нургазы Курманбеков жана мэрия аппаратынын жетекчиси Ильяс Колопов катышты.
Тургундардан даттануулар түшкөн клубдар жана көңүл ачуу жайлары текшерилип, ээлерине мыйзамдын талаптары түшүндүрүлдү. Айрым жайларга — «Кочевник», My Shisha жана Season — 84 миң сомго протокол түзүлдү.
Муниципалитет эскертет: жумуш күндөрү тынчтык саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми ишемби, жекшемби жана майрам күндөрү — 22:00дөн 09:00гө чейин сакталууга тийиш. Мындай рейддер мындан ары да улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом