Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты
«Бишкекжашылчарба» ишканасына заманбап техникалар алынды
20.09.2025 | 15:09

Бишкек шаарынын мэриясына «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ирригациялык түйүндөрдү тейлөө жана шаардык каналдарды тазалоо үчүн заманбап атайын техника тапшырылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, жалпысынан 67 млн сомго бааланган 9 даана техника — экскаваторлор, самосвалдар жана илосос жабдуусу бар канал тазалоочу машина сатып алынды.
Расмий тапшыруу аземине жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом