Кыргызстанга айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыЭнергетикалык суусундуктар нерв системасынын ашыкча козголушун жаратат — Дайырбек ОрунбековКыргызстанда медреселердин саны расмий маалыматта көрсөтүлгөндөн көп болуп чыктыЭВФ: 2027-жылы Кыргызстанда инфляция Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчкө жететКыргыз мамлекеттик циркине казакстандык Нурлан Конокбаев жетекчи болуп дайындалды«Айтматовду» бүт өлкө күтүүдө. Байопиктин режиссёру Каныбек Калматов менен маек
Бордордогу автобуста кош бойлуу келинди ичке тепкен аял кармалды
20.09.2025 | 12:40

Кечээ интернетке тараган видеодо Бишкектеги №212 автобустун ичинде аялдар мушташып кеткен. Видеодо көрүнгөндөй, анда бири экинчисин чачтан тартып чаап жиберген. Мындан улам жабырлануучу эсин жоготкон.
Ленин РИИБден билдиришкендей, окуя кечээ кечинде болгон. Милицияга жабыркаган келиндин байкеси арыз менен кайрылган. Жабырлануучу учурда ооруканада экени кабарланды.
Кылмышка шектелген 20 жаштагы келин да кош бойлуу экени жана анын кичинекей баласы бар экени белгилүү болду.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.