Аланьядагы өрттү өчүрүүгө 800дөн ашык адам тартылды

Түркиянын Аланья курортуна жакын жайгашкан Алиэфенди аймагында ири өрт кырсыгы катталды.
Өрттүн айынан 150гө жакын үй жана виллада жашаган тургундар эвакуацияланды. Жалын Алиэфенди менен катар Испатлы, Коджаогланлы, Исхаклы жана Каргыджак аймактарына чейин жайылганын жергиликтүү ЖМКлар билдирди.
Социалдык тармактарда тараган видеолордо жалын деңиз жээгине чейин жакындап калганын көрүүгө болот. Өрттү өчүрүүгө 14 учак, 20 тик учак жана 800дөн ашык өрт өчүрүүчү жана аскер кызматкерлери тартылды.
Белгилей кетсек, акыркы айларда Кыргызстанда да токой өрттөрү көп катталууда. Талас облусунун чек арага чектеш аймактарында, ошондой эле Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу токойлорунда тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМдин кызматкерлери үзгүлтүксүз тартылып келет.