Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Бишкекте 25-сентябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
22.09.2025 | 16:27

«Бишкексууканал» ишканасынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 25-сентябрында саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардагы бир катар аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт:
- көчөлөр: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Саадаев, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия көчөсү жана БЧК району;
- конуштар: «Красный строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын бешик», «Салам Алик»;
- Маевка айылы.
Суу берүү убактылуу токтотулушу «Северный» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы калк жана мекемелерден алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнүп, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом