Чүйдө коррупциялык схемага тиешеси бар мамлекеттик кызматкерлер кармалды

УКМКнын маалыматы боюнча, Чүй облусундагы «Чалдовар-Автожол» өткөрмө пунктунда мамлекеттик кызматкерлер тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, бир катар кызматкерлер кармалды.
Схемага салык кызматынын, чек ара кызматындагы аскер кызматкерлери, ветеринардык жана фитосанитардык инспекция кызматкерлери, ошондой эле салмак-габариттик контролдоо инспекциясынын кызматкерлери тартылган. Алар жасалма документтерди колдонуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды мыйзамсыз импорттоого аракет кылышкан.
24-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин жыйынтыгында 7 салык кызматкери, 6 чек ара кызматкери, 4 транспорт инспекциясынын кызматкери, 6 айыл чарба министрлигинин кызматкери жана «талкачтар» кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. УКМК тергөө иштерин улантууда жана башка тиешелүү кызматкерлерди аныктоо үстүндө иштеп жатат.