Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Токтогулда бус жеңил унааны сүзүп, кырсыктан үч адам каза болду
26.09.2025 | 10:48
Токтогул районунда болгон жол кырсыгынан эки эркек киши жана 20 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окуяга күбө болгон жаран кабарлап, видеосун жөнөттү.
Анын айтымында, жол кырсыгы 25-сентябрдын түнү Токтогул районундагы Үч-Терек айылына жакын Бишкек — Ош унаа жолунда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, Mercedes-Benz Sprinter каршы тилкеге чыгып, жеңил унаа менен кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен эки эркек киши жана 20 жаштагы кыз алган жаракаттардан улам окуя болгон жерде каза болушкан. Дагы бир аял оор абалда ооруканага жеткирилген, учурда ал комада.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар