Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Жалал-Абад милициясынын башчысынын орун басары менен тергөөчүсү пара менен кармалды
17.04.2026 | 10:26

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары менен тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, алар текшерүүнү токтотуу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн жарандан 2 миң доллар талап кылышкан.
15-апрелде орун басар менен тергөөчү милициянын имаратында 170 миң сом алып жаткан учурда кармалышкан. Учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар