Айсулуу Тыныбекова UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды

Айсулуу Тыныбекова 2025–2029-жылдарга карата UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, спортчуларды мүчөлүккө шайлоо Загребде өткөн Дүйнө чемпионатынын жүрүшүндө өткөн. Анда дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген дээрлик 400 балбан добуш берген.
Комиссиянын курамына ар кыл континенттерди чагылдырган 9 спортчу кирди:
- Арсен Жулфалакян (Аргентина)
- Юи Сусаки (Жапония)
- Тамаш Лоринц (Венгрия)
- Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан)
- Хассан Яздани (Иран)
- Мария Преволараки (Греция)
- Абделлатиф Мохамед (Египет)
- Жессика Лаверс-Макбейн (Австралия)
- Николаас де Ланге (Түштүк Африка).
“UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуу — бул чоң сыймык гана эмес, спортчулардын үнүн түздөн түз UWW Бюросунда жана Конгрессинде жеткирүү мүмкүнчүлүгү. Комиссия дүйнөлүк деңгээлдеги чечимдерге таасир этүүчү маанилүү платформа болуп саналат”,- деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын күрөш федерациясы Айсулууну бул чоң жетишкендиги менен куттуктап, анын ийгилиги кыргыз күрөшүнүн дүйнөлүк аренада күчтүү үнү болуп жатканын баса белгиледи.