Бишкекте кош бойлуу аял кайгуул кызматынын унаасында көз жардыБишкекте вебкам-студиялардын тармагын уюштурган кылмыштуу топ кармалдыЗыяратчылар өздөрүнүн ажылыкка катталганын онлайн текшере алатБишкекте курулушта иштеген жумушчу 5-кабаттан кулап кеттиКыргызстандык «Курак» тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалында эки сыйлык жеңди«Дельмар Групп» курулуш компаниясынын жетекчилери кармалды. Окуянын чоо-жайы
Кыргызстан менен Кытайдын Шэньси провинциясы соода жана бизнес жаатында кызматташат
26.09.2025 | 14:29

Сиань шаарында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен Кытайдын Шэньси провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Цзя Чжэнлан жолугушту. Бул тууралуу палатанын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай бизнес кызматташтыгын кеңейтүү, ишкерлер ортосунда түз байланыштарды орнотуу, ошондой эле соода, инвестиция жана өнөр жай жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашкан.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын бизнес коомчулугунун Шэньси провинциясында өткөрүлүп жаткан жарманкелерге жана көргөзмөлөргө катышуусуна, ошондой эле кыргыз товарларын Кытай базарына алып чыгуу үчүн шарттарды түзүүгө бурулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика